10.10.2018 08:30

Токмок шаардык балдар чыгармачылык борборунда техникалык ийрим ачылды

Токмок шаардык балдар чыгармачылык борборунда техникалык ийрим ачылды

Токмок шаардык балдар чыгармачылык борборунда техникалык ийрим ачылды. Ат жерде мектеп окуучулары акысыз техникалык баштапкы билим ала алышат, деп билдирет Кыргызпатенттин маалымат кызматы. 

Маалыматта буга чейин Кыргызпатент тарабынан өлкөбүздүн аймактарында бир катар техникалык ийримдер ачылганы белгиленет.

Бүгүнкү күндө ийрим жаш техниктердин чыгармачылыгын колдоо, келечекте мыкты долбоорлорду иштеп чыгууга багыттоо максатында Чүй-Токмокто экинчи ирет ачылып жатат.

Ийримге Кыргызпатент тарабынан 50 миң сомдук шаймандар (фрейзердик, жылмалоочу машиналар, циркулярдык ааралар ж.б.) белек катары берилди.